Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Министр: Коронавирус шайлоодон кийин күчөдү


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумдан кийин коронавирус жугузгандар кескин көбөйдү.

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги брифингде билдирди.

"Шайлоо өттү. Шайлоодон кийин дайыма коронавирус көбөйө баштайт. Себеби, дарыгерлердин айтканын эч ким укпай, беткап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай, эл көп жерлерге чогулушуп, күндөн-күнгө оору күчөп баратат. Бир жарым, эки ай мурда Чүй, Бишкек, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда ооругандардын саны бир ай, эки айлап жок болуп калган. Шайлоо өткөндөн кийин бардык облустарда ооруй башташты. Кечээ 305 киши ооруп калды", - деди Бейшеналиев.

16-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 230 кишиден табылды. Бир күн мурда 305 кишиден расмий аныкталып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болгон.

Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан кыйла көп катталууда.

Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 91 374, айыккандар 86 621 кишини түздү. Бир күн аралыгында 130 бейтап айыкты.

Ушу тапта стационарларда оору менен алышып жаткан 1070 бейтаптын 30унун абалы канааттандыраарлык, 757си орто оор, 248и оор, 35 киши өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 1173кө жетти. (NT)

XS
SM
MD
LG