Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

Франция жарандарына Пакистандан чыгып турууну сунуштады


Пакистандагы диний-радикалдык "Техрик-и-Лаббайк" партиясынын тарапкерлери башаламандык уюштуруп, полиция менен кагылышы. 14-апрель. 2021-жыл.
Пакистандагы диний-радикалдык "Техрик-и-Лаббайк" партиясынын тарапкерлери башаламандык уюштуруп, полиция менен кагылышы. 14-апрель. 2021-жыл.

Буга соңку мезгилде Пакистанда француздарга каршы маанайдагы каршылык акцияларынын толкуну себеп болду.

Француз бийлиги Мухаммед пайгамбардын азил сүрөтүн чыгарган журналдын укугун колдошун Пакистандагы көптөгөн мусулмандар шылдыңдоо катары кабыл алышты.

Бул жуманын башында француз элчисин өлкөдөн чыгарууну талап кылган пакистандык исламчылар алардын лидеринин кармалышына каршы көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты.

“Пакистандагы француз кызыкчылыгына олуттуу коркунуч туулганына байланыштуу бул жактагы Франциянын жарандарына жана компанияларына бул өлкөнү убактылуу таштап чыгып кетүү сунушталат ”, - деп жазылган Исламабаддагы француз элчилигинин 15-апрелде тараткан электрондук билдирүүсүндө.

Ал эми өлкөдөн чыгып, Францияга кетүү Пакистандагы авиакомпаниялардын коммерциялык рейстери аркылуу жүргүзүлө турганы көрсөтүлгөн.

“Биздин полиция жана башка коопсуздук күчтөрү кырдаалды жөнгө салууга жөндөмдүү. Бардык француз жарандарынын коопсуздугу корголот жана аларга бул жакта эч кандай коркунуч болбойт”, – деп билдирди Пакистандын ички иштер министри Рашид Ахмед.

Ошол эле кезде AFP агенттиги соңку сааттарда Исламабаддагы француз элчилигине кошумча коопсуздук күчтөрү тартылганын жана анын айланасы транспорттук контейнерлер менен бекемделгенин кабарлады. Пакистандагы француз элчилиги баш калаадагы атайын корголгон дипломатиялык жабык шаарчада жайгашкан.

Пакистан өкмөтү жакында былтыртан бери Францияга каршы акцияларды уюштуруп келген, ашынган радикалдуу мүнөздөгү "Техрик-и-Лаббайк" (TLP) партиясына тыюу саларын жарыялады.

Ички иштер министри Шейх Рашид 14-апрелде партиянын иши террорчулукка каршы мыйзамдарга ылайык токтотуларын маалымдады.

"Биз дүйнөгө экстремист улут катары таанылгыбыз келбейт", - деди Рашид Ахмед.

Өткөн шаршембидеги тоз-тополоңдо беш адам, анын ичинде эки полиция кызматкери курман болду. "Техрик-и-Лаббайктын" тарапкерлери ал күнү партия лидеринин бошотулушун талап кылып көчөгө чыккан.

Партиянын башчысы Саад Ризви 12-апрелде Пакистандын Лахор шаарында "мыйзамдуулукту жана тартипти бузганы үчүн" камакка алынган. Мунун алдында ал тарапташтарын Пакистандагы француз элчисин өлкөдөн чыгарууга үндөгөн.

Полиция 13-апрелде Ризвиге терроризмге байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Пакистандагы ашынган оңчул диний-саясий уюм саналган «Техрик-и Лаббайк Пакистан» (ТЛП), «Кызматыңыздамын, Пакистан!» кыймылы) партиясы былтыр француз президенти Эммануэл Макрондун сөз эркиндигин, анын ичинде Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатураны жарыялоо эркиндигин коргогон сөзүнө нааразылык билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG