Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Нааразы партиялардын өкүлдөрү ачкачылык акциясын токтотту


БШКнын алдындагы акция. 14-апрель, 2021-жыл.
БШКнын алдындагы акция. 14-апрель, 2021-жыл.

Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү ачкачылык акциясын токтотту.

Бул тууралуу Коммунисттер партиясынын мүчөсү, акциянын катышуучуларынын бири Амантур Манапбаев билдирди.

"Шайлоонун жыйынтыгы менен сегиз партия макул эмес. Биз шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз. Көптөгөн мыйзам бузуулар катталган. Социалдык тармактарда видео, фото фактылар жарыяланды. Биз бийликке, тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Анын жообун күтөбүз, талап кылабыз. Азыркы учурда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова чыгып биз менен сүйлөштү. Анын чыгышы үчүн эки күн ачка турушка мажбур болдук. Чатырларды милиция кызматкерлери сындырып, алып кетишкен. Ага карабай биз күнү-түнү күттүк. Биз Шайлдабековадан шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылдык. Ал Бишкектин шайлоо тилкелеринде кайсы жерде мыйзам бузуу катталса, арыздын негизинде ал жердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылат деди. Муну жеңиш деп айтсак болот. Биздин талаптар толук аткарылган жок. Бирок жарым-жартылай аткарылды".

Амантур Манапбаевдин айтымында, эки күндүк ачкачылык учурунда айрымдардын абалы начарлаган. 16-апрелде БШКнын алдында нааразы тараптын жыйыны болуп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн кол топтолот.

14-апрелде Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдында ачкачылык акциясын баштаган. Алар добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат.

Аларга Свердлов райондук сотунун митингдерге тыюу салынганы боюнча чечими берилген.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Ага катышкан айрым партиялар 12-апрелде "бир катар одоно мыйзам бузуу болду" деген негизде башкалаадагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эгерде кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуу аныкталса ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарыларын, партиялар менен талапкерлерге да чара көрүлөрүн айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG