Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Марат Казакпаевдин бөгөт чарасы каралууда


Марат Казакпаев.
Марат Казакпаев.

Ушул сааттарда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мамлекетке чыккынчылык үчүн шек саналып жаткан Марат Казакпаевдин бөгөт чарасы каралууда. Экспертти сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери алып келишти.

УКМК мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары эки адам кармалганын, алардын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде расмий кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалганын билдирди.

Марат Казакпаев “Азия Ньюс” гезитинин 8-апрелдеги чыгарылышына жана ушул эле гезитке таандык aryba.kg сайтына 10-апрелде маек берип, ал “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталыш менен чыккан. Анда Казакпаев азыркы бийликтин, анын ичинде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу аракеттерин сынга алган эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG