Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деген жарандарды кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) М.К. жана М.Т. аттуу кыргызстандыктарды мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен камакка алды. Мекеменин басма сөз кызматы 13-апрелде тараткан маалыматта алар тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында кармалганы, чыккынчылык кылганы тууралуу далилдер бар экени айтылат.

Атайын кызмат кылмыш ишиндеги жашыруун сырдын даражасын эске алуу менен бул факт тууралуу кененирек маалымат коомчулукка жарыяланарын кошумчалады.

Кыргызстанда буга чейин дагы "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. Алардын ичинде кыргыз өкмөтүнүн Эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген Алтынбек Муралиевге чет элдик чалгын кызматына төрт жүзгө чукул жашыруун документ берген деген айып коюлган. Анда маалыматтардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын тышкы саясатына, коңшу өлкөлөр менен болгон татаал маселелерге тиешелүү болгон деп айтылган.

Муралиев 2014-жылы кармалып, анын иши дээрлик эки жылдай тергелген. 2016-жылдын башында Биринчи май райондук соту Муралиевди 12 жылга кескен. Бишкек шаардык соту ал жазаны катаалдатып, 22 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөөгө өкүм чыгарган. Ал 2019-жылы жатак абакка чыгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG