Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Маянасы чеке жылытпаган маданият адамдары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт ушул жылдын 1-июлунан баштап мамлекетке караштуу маданий мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүнү убада кылууда. Кыргызстанда аз маяна алган кызматкерлердин жоон тобун маданият тармагында эмгектенгендер түзөт.

Бир ай мурда Бишкектеги опера жана балет театрында чыр чыгып, ал артисттердин айлык маселесин, социалдык абалын козгогон. 12-апрелде Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында бир ай мурда болгон чыр боюнча комиссиянын корутундусу каралды.

Артисттердин маянасына байланышкан маселени Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева көтөрдү:

Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

“Ак куу көлү” аттуу коммерциялык спектакль коюлуп жатканда жергиликтүү труппа каражат берилбегендиктен сахнага чыгуудан баш тартышкан. Бул окуяга мен да күбө болгом. Негизи коммерциялык спектаклдер уюштурулат дагы, ага катышканы үчүн биздин опера жана балет театрынын артисттери кошумча каражат алышпайт. Буга чейин дагы бир нече жолугушуулар болду. Азыр бул жерде опера жана балет театрынын жетекчиси, чырдуу спектаклдин катышуучулары, маданият министринин статс-катчысы жана башка өкүлдөр отурат. Баарыбыз өз оюбузду, позициябызды айтып, маселе эмнеде болуп жатканын талдап, чечели. Жөн эле чогулуп койбой, 30 жылдан бери келе жаткан көйгөйдөн жыйынтык чыгаралы”.

Парламент комитетиндеги жыйында опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов да өз оюн билдирген:

Керим Турапов.
Керим Турапов.

“Ошол күнү күтүлбөгөн иштер болду. Бирок бул маселе кечээ эле пайда боло калган жок. Негизи ар бир жамааттын мүчөсү менен келишим түзүү абдан оор. Сырттан келген коммерциялык спектаклдерде да жергиликтүү артисттерге маяна төлөп берүү өзүнчө чоң көйгөй экен. Чынында биздин артисттердин талабына да кошулам. Булар да эмгек акысын алышы керек. Бирок биздин театрдын табияты такыр башка экен. 15 жыл иштеп жүрүп өзүм да байкабаптырмын. Бул балетке катышкан бийчилерге акча төлөгөндөн кийин оркестрдегилерге да төлөп бериш керек болот. Оркестрде да 70-80 киши отурат. Кээде ушунча адам менен хор да катышкан учурлар болот”.

Быйыл 6-мартта театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында театрда чыр болгон. Спектакль башталар алдында артисттер нааразылык иретинде сахнага чыкпай коюшкан. Иш-чараны уюштурган “Радужка” коомдук фонду окуяга кыргызстандык труппанын өкүлдөрү Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп болду деп түшүндүргөн. Ошондой эле гонорар маселеси да келип чыкканы айтылган. Кыргызстандык артисттер билети кымбат коммерциялык спектаклден аларга эч кандай акча тийбей турганын, бекер иштеп келатканын айтып, нааразылыгын билдиришкен. Бул артисттердин маянасынын аздыгын, социалдык көйгөйлөрүн дагы бир ирет козгогон.


Парламенттеги жыйында да театрда чыгармачылык үчүн шарт түзүлбөгөнүн, таланттуу ырчы-бийчилер чет өлкөлөргө кетип жатканын айтышты.

Ошондой эле жыйында жогорку даражадагы балет артисти Екатерина Белоус жетекчиликтин аларга карата кысымы уланып жатканын билдирди.

Екатерина Белоус.
Екатерина Белоус.

“Мыйзам бузуулар болду. Мыйзам бузуу катардагы жеке артист менен жетекчиликтин ортосундагы иши үчүн болгон жок. Эмгек кодексинин эрежесин бузган олуттуу мыйзам бузуу болду. Биз узак жылдар бою жада калса бул мыйзам бузуулар олуттуу экенин билбептирбиз. Натыйжада эмгек келишимдери жок болуп, макулдашылбаган жагдайлар көп болгон. Ушул жагдайдан кийин биз менен жетекчилик сүйлөшкөн жок. Тескерисинче, бизге кысым көрсөтүлө баштады. Сый акы алынып, маянанын кандайдыр бир бөлүгү кыркылды”.

Парламент комитетиндеги жыйындын аягында түзүлгөн комиссиянын ишин көзөмөлгө алууну улантуу чечими кабыл алынды.

Буга чейин "Азаттыктагы” маегинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев опера чырынан кийин артисттерге оозеки эскертүү берилгенин, ал эми театр жетекчисине премьер-министр гана чара көрө аларын айткан.


Ал арада өкмөттүн 8-апрелдеги кабыл алынган №135 токтомуна ылайык, ушул жылдын 1-июлунан баштап мамлекетке караштуу маданият мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлө тургандыгы кабарланды.

Маданият өкүлдөрүнүн маянасы качан жана кандай шартта жогорулай турганы боюнча өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Толкун Камчыбекова “Азаттыкка” буларды айтты:

“2021-жылдын 1-июлунан тартып маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр кол койгон. Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Бул документке ылайык, “улуттук” статусуна, же “академиялык” наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20% көтөрүлдү. Мурда өкмөттүн чечими менен “улуттук” статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80% көтөрүлгөн. Башка мекемелердеги, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% көтөрүү каралган”.

Опера жана балет театрында эмгектенген опера ырчысы, эмгек сиңирген артист Бакыт Ыбыкеев театрдан алган айлыгы менен гана тиричилик кыларын баяндады:

Бакыт Ыбыкеев.
Бакыт Ыбыкеев.

“Эмгек сиңирген артист катары айлыгыма 2500 сом кошулат. Анан театрдын “сахна чебери” деген эң жогорку категорияда экеним эске алынып, баш-аягы 14 000 сом айлык колума тиет. Бирок 50 пайыз кошулат деген сөздүн аныгына келсек, мага 7 миң сом эмес, анын жарымына жетип-жетпеген маяна кошулушу мүмкүн. Эми канчалык жогоруласа бизге окшоп айлык менен жашаган өнөр адамдары үчүн жакшы болмок. Азыр баары кымбаттады. Биздин театрга келип-кеткен чыгымыбыз эле күйүүчү майдан артпай калары турган иш”.

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директорунун орун басары, актёр Таалай Тургунов 6 миң сом айлык маяна алат. Ал эмгек акы аз болсо да өнөр адамдары кесибин сүйүп иштейт дейт:

Таалай Тургунов.
Таалай Тургунов.

“Азыркы учурда 6 миң сом айлык менен күн кечирүү акылга сыйбайт. Бирок ошол эле учурда сүйгөн ишибизди таштап кетүү да биз үчүн оор. Ошондуктан башка да кошумча тиричилик кылабыз. Мисалы, мен тамада болуп той алып бара калам, кечинде такси кызматын көрсөткөн учурларым да болот. Айтор бул чөйрөнү таштабай жан багып келе жатабыз. Биз баарыбыз театрдан кетип калсак ким иштейт анда? Канчалык каражатты көп тапкан менен ошончолук чыгым да көп болот дейт. Андыктан ушуга да шүгүр”.

Буга чейин 2018-жылы маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга көтөрүлүп, тиешелүү токтомго ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Маянасы көтөрүлгөн искусство адамдарынын катарында өлкөдөгү бир нече театрлар, музейлер, музыкалык окуу жайларынын кызматкерлери болгон.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG