Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Чүйдө 18 жаштагы кызды ала качууга шектүүлөр кармалды


Шектүүлөрдүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүлөрдүн милиция тараткан сүрөтү.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кыз ала качууга шектүү катары үч кишини убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы 18 жаштагы кыз ата-энесинин үйүнө жеткирилгенин билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 11-апрелде Кара-Дөбө айылынын тургуну кызын бейтааныш адамдар ала качканын айтып кайрылган.

Учурда бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки тергөө башталды.

Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы үч айында ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков Жогорку Кеңеште ала качуунун айынан киши колдуу болгон Айзада Канатбекова тууралуу маалымат берип жатып билдирген. Ал кыскартылган иштерге экинчи тараптын тосмо арызы негиз болгонун кабарлаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG