Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:03

Бишкек: Эки тилкедеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды


Көчмө добуш берүү. 10-апрель, 2021-жыл. Аламүдүн району.
Көчмө добуш берүү. 10-апрель, 2021-жыл. Аламүдүн району.

Бишкек шаардык кеңешине көчмө добуш берүү өткөрүлгөн №1023 жана №1053 тилкелердеги жыйынтык жокко чыгарылды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, мындай чечим "Клооп" медиасынын байкоочуларынын мыйзам бузуулар тууралуу арызынын негизинде кабыл алынды.

Буга чейин башкалаада №1028, 1029, 1036, 1309, 1312, 1311 добушканалардагы көчмө шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.

Аймактык шайлоо комиссиясы 10-11-апрелде 30дан ашык арыз келгенин билдирди.

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга келе албаган жарандар 10-апрелде көчмө үкөктөр аркылуу добуш беришкен.

БШКнын маалыматына караганда, эрте добуш берүүгө Бишкекте 4900дөн ашык, өлкө боюнча 19миңден көп жаран арыз жазган.

Буга чейин бир нече партия эреже бузулду деген негизде Бишкектеги он чакты добушканалардагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG