Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:47

Алайда дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды


Кар көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кар көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында мал караганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 14 жаштагы баланын сөөгү кар көчкүнүн алдынан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда бала кар көчкүнүн алдында калган.

Өспүрүмдү издөөгө жергиликтүү тургундар, куткаруучулар чыгып, бир экскаватор иштеген.

Сөөк 10-апрель күнү, саат 09:20да табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.

Өспүрүм 2-апрель күнү мал кайтарганы кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Ошол эле күнү аймакта кар көчкү түшкөн.

Кыргызстанда жашы жете элек балдардын мал кайтарганы кетип, түрдүү кырсыктарга кабылган учурлары көп катталат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG