Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Ноокатта коробкага ташталган добуштарга акт түзүлдү


Ош шаары, добуш берип жаткан шайлоочу.
Ош шаары, добуш берип жаткан шайлоочу.

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү №5413 шайлоо участкасында электрондук урна иштебей, бюллетендер коробкага салынган. Учурда урна оңдолуп, коробкага ташталган добуштарга акт түзүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдисалам Байдөөлөтов билдирди.

«Техникалык топ барып оңдоп беришти. Урна оңдолгонго чейин күтүп туруш керек болчу. Коробкага салынбашы керек эле», - деди Байдөөлөтов.

Ноокат районунда 103 шайлоо участкасы жана 150 миңге чукул шайлоочу бар. Ош облусунда болсо 720 миңден ашуун шайлоочу катталган.

Кыргызстанда бүгүн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Өлкөдө 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. (DU)

XS
SM
MD
LG