Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:25

Коронавирус бир күндө 151 кишиден аныкталды


Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин кире бериши. Февраль, 2021-жыл.
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин кире бериши. Февраль, 2021-жыл.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 9-апрелде билдиргендей, Кыргызстанда бир суткада коронавирус 151 кишиден жаңы аныкталды.

Бир күн аралыгында илдеттен каза болгон учурлар катталган жок. Мекеменин жаңы эсеби боюнча, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1516 кишиге жетти.

Акыркы күндөрдө өлкөдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла арбын болууда. Күн сайын расмий каттоого алынган бейтаптардын саны 100дөн ашса, 8-апрелде вирус табылгандар 200дөн ашып, сентябрдан берки эң көп учур катталды.

Статистикага ылайык, пандемия башталган бир жыл аралыгында оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 811 кишини түздү.

Анын 85 719у айыкты. Акыркы бир суткада 112 бейтап сакайып чыкканы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG