Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Асылбек Жээнбеков кумар оюндарына уруксат берүүгө каршы болду


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү, экс-спикер Асылбек Жээнбеков кесиптештерин Ысык-Көлдө кумаркана жайларын ачууга жол ачкан мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Ал казиного кайра уруксат берүү аркылуу киреше табуудан карманууга чакырды:

"Кумаркана ишмердигин 2011-жылы жойгонбуз. Андан бери дагы бир нече жолу ага уруксат берүүчү мыйзамды киргизүү аракети болгон. Азыр чет өлкөлүктөргө гана уруксат деп жатасыздар. Бирок ошондо да ыймансыз бизнес аркылуу мамлекеттин бюджетин көбөйтүүдөн кайтсак. Арам акча жана адал акча деген бар. Бул адал акча эмес. Айрым мамлекеттерде сойкулук, маңзат мыйзамдаштырылган. Биз ал жол менен кетпесек", -деди Асылбек Жээнбеков.

Анын фракциялашы Төрөбай Зулпукаров дагы аталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, жалпы жыйынга экинчи окуудан кароого жибербөөнү сунуштады.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окуудан карап жатат. Долбоорду парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 6-апрелде карап, жактырган. Аны депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган.

Алардын демилгесине ылайык, "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерге бир нече мейманканасы менен казино куруу каралган. Документте кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага жергиликтүү жарандар киргизилбейт деген жобо бар. Авторлор аталган облуста кумар оюндарына уруксат берилсе жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.

Кыргызстанда кумар оюндарына мындан тогуз жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG