Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:35

Вице-спикер: Айзаданын трагедиясына президент көңүл бурууга тийиш


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

5-апрелде уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясына президент да, премьер-министр да көңүл бурушу керектигин коомчулук күтүп жатканын Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүн, 8-апрелдеги парламент отурумунда билдирди:

«"Жумушумдан кетпейм, биз ал балдар менен байланышканбыз" деп калп айтпай, ички иштер министри бул жерге келип жооп бериши керек. Мен эртең менен эле президенттен да, премьер-министрден да бул окуяга реакциясын күткөм. Жогорку Кеңеште Баш мыйзам каралып жатканда же шайлоого байланыштуу мыйзам каралып жатканда баарыбыз залга толо келебиз. Бирок адам өлүп жатканда көңүлкош мамиле. Парламент бул ишти көзөмөлгө алып, аягына чейин чыгуу керек. Айзаданын апасы кайсы бөлүмгө кайрылган, алар кандай иш алып барган, мунун баарын текшерүү керек. Милиция иштебей жатат, коомчулукта аларга нааразылык күчөдү».

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 36 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарда кызды өз убагында издеп таба албаганы үчүн милицияны сындап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылган билдирүүлөр жарыяланууда.

Премьер-министр Улукбек Марипов каргашалуу окуяны «элдин жалпы кайгысы» деп атап, күнөөлүүлөр адилет жана катаал жазага тартыларын убада кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG