Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Арслан Капай уулу: Демократия, сөз эркиндиги үстөмдүк кылышы керек


Арслан Капай уулу.
Арслан Капай уулу.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Арслан Капай уулу бийлик айтылган сын-дооматтарды эске алууга аракет кылып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 7-апрелде «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» берүүсүндө айтты. Арслан Капай уулу Кыргызстандагы демократиянын жана сөз эркиндигинин абалы «Freedom House» уюму, АКШ кооптонгудай абалда эмес деп эсептейт.

«Демократиялык маанай, сөз, ой эркиндиги үстөмдүк кылып турушу керек. Бийликтин узурпация болбошуна шарт түзгөн эң негизги кепилдиктер ушулар».

«Freedom House» уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу «эркин эмес» мамлекеттердин катарына кошту.

Уюмдун 3-мартта «Дүйнөдөгү эркиндик-2021» аттуу жаңы баяндамасында өткөн жылы Кыргызстанда жарандардын саясий укугу жана эркиндиги начарлап кеткени көрсөтүлгөн. Жаңы жарыяланган рейтингде Кыргызстандын көрсөткүчү 11 упайга төмөндөдү (2019-жыл: 100дөн 39 упай / 2020-жыл: 28 упай).

Кыргызстанда жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бийликке ачык сын айткан активисттерге, юристтерге басым-кысым болуп жатканын эскертип жатышат.

Талкууга катышкан мурдагы премьер-министр Темир Сариев акыркы убакта бийликке сын күчөгөнүн жана бийлик андан жыйынтык чыгарышы керектигин белгиледи. (BTo)

XS
SM
MD
LG