Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Эл аралык валюта кору: эмдөөнү тездетүү дүйнөлүк экономиканы жандандырат


Глобалдык насыя берүүчү болгон Эл аралык валюта кору коронавируска каршы эмдөөнү тездетүү дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн болжолдоду.

Бул тууралуу Эл аралык валюта корунун “Дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн перспективасы” деген баяндамасында көрсөтүлгөн. Анда январь айындагы эсептөөлөргө ылайык, дүйнөлүк экономика быйыл 6 пайызга, эмдиги жылы 4,4 пайызга өсө турганы белгиленген. Анын негизги себеби катары көпчүлүк өлкөлөрдө коронавируска каршы эмдөөлөрдүн жүрүшүнүн эсебинен экономиканын калыбына келүү ыргагы мисалга алынган.

Баяндамада эмдөө канчалык ылдам жүргүзүлсө, дүйнөлүк экономиканын жанданышы дагы тезирээк баштала турганы көрсөтүлгөн. Бир катар өкмөттөр жана борбордук банктар пандемия менен күрөшүүгө жана аны ооздуктоого триллиондогон доллар каражат жумшаган. Мындай абал 2020-жылы дүйнөлүк экономиканын 3,3% кыскарышына алып келген. Эмдөөлөрдүн жүрүшү менен пандемияга байланыштуу бир катар чектөөлөр алынып салынганы адаттагыдай турмушка кайтып келүүгө үмүт бере турганы белгиленди.

Бирок соңку мезгилде дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө вирустун коркунучтуу түрлөрүнүн чыгышы илдеттин жаңы толкунун жаратпайбы деген тынчсызданууларды пайда кылды.

XS
SM
MD
LG