Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Кыргыз-тажик ички иштер министрлери Согд облусунда жолугушту


Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлеринин жолугушуусу.
Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлеринин жолугушуусу.

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамро жолугуп, Баткен облусу менен Согд облусундагы чек арага чектеш аймактарда коопсуздукту камсыздоо боюнча маселени талкуулашты.

Жолугушуу 6-апрелде Тажикстандын Согд облусунда өттү. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, анда кылмыштуулук, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү чаралары тууралуу да сөз болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Эки өлкөнүн чек аралаш тургундары кээде жер, жол жана суу талашып, кан төгүүгө чейин жетип, араздашкан учурлар болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG