Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Навальный абакта чогуу отургандардан кургак учук чыкканын билдирди


Кремлдин сынчысы, абактагы саясатчы Алексей Навальный аны менен отурган үчүнчү адам жакында кургак учук илдети менен ооруп, сыртка дарыланууга жиберилгенин билдирди.

Анын жакындары 5-апрелде Алексей Навальныйдын "Инстаграмдагы" баракчасында түрмөдөгү дарыгерлердин соңку текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча анда “катуу жөтөл” аныкталып, дене табы 38ге чейин көтөрүлүп, денесин улам калтырак басып жатканын жазышкан.

Навальный ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан камерада 15 адам отурганын, алардын ичинен үчөө жакында кургак учуктун айынан ооруканага жаткырылганын жазды.

Саясатчы мамлекеттик телеканалдар аны бардык шарты бар камерада отурганы боюнча коомчулукка туура эмес маалымат таратышканын айтып, Кремлдин кызыкчылыгын көздөгөн кабарчыларды абакта бир күнгө түнөп кетүүгө чакырды.

44 жаштагы Алексей Навальный Москвадан 100 чакырымдай алыс №2 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп отурат. Орусиянын полициясы аны быйыл январь айында Берлин шаарынан кайтып келе жатканда аэропорттон камакка алган. Алексей Навальный былтыр жайында Омскиде ууландырылып, Германиядан дарыланган. Ал аны ууландырууга Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматын айыптаган.

XS
SM
MD
LG