Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Өзбек президенти аймактарды күтүүсүз кыдырууда


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аймактардагы реалдуу шарттар менен таанышуу максатында тиги же бул шаарлар менен райондорго күтүүсүз барып жатат. Эми ар бир аким президенттин келишине даяр болуш үчүн көчөлөрдү такай жыйнап-тазалоону талап кылууда.

Президент Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстандын Жизак шаарына барары жөнүндө сөздөр чыкканда эле адаттагыдай катуу даярдык башталды. Жолдордугу жыртык-тешиктерди бүтөп, жол боюндагы үйлөрдү актап, боёп чыгышты. Жизак облусунун администрациясы айыл-кыштактардын жетекчилерин президенттин күтүүсүз келишине даяр болууга чакырган. Мындай даярдык Өзбекстандын бир катар облустарында март айынан бери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик негизинен кембагал райондорго көңүл бурууда.

Буга Мирзиёевдин бир нече аймакка күтүүсүз барышы түрткү болду. Андай сапарлардын жыйынтыгында жергиликтүү бийликтин айрым башчылары кызматтан алынган.

Өзбекстанда президент чексиз бийликке ээ. Ал саясаттан баштап ишкерликке чейин көзөмөлдөйт жана өз каалоосу менен жергиликтүү аткаминерлерди иштен бошотуп, дайындай алат.

Жизакта президенттин келишине даярдык көрүлүп жатат.
Жизакта президенттин келишине даярдык көрүлүп жатат.

Жакында эле президенттин кеңсеси жарыялаган видеодо Чирчик шаарына 18-марттагы президенттин сапары чагылдырылган. Анда Мирзиёев бир нече карапайым тургун менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот. Алар күнүмдүк жашоодо туш болгон кыйынчылыктарды айтып даттанышкан.

Ал эми Ферганага февраль айында барганда Мирзиёевдин автокербени күтүүсүз жерден жакыр деп саналган Шодион конушуна бурулган. Буга жергиликтүү бийлик даяр эмес болчу, анын өкүлдөрү башка чарчыларды жасалгалап, даярдап коюшкан эле. Шодиондо президент жергиликтүү тургундар менен жолугуп, абдан начар инфратүзүмдү жана иштен чыккан жолдорду өз көзү менен көргөн. Ошондон кийин Мирзиёев акимди, полиция башчысын жана салык кызматынын жетекчисин иштен алган.

Шавкат Мирзиёев акимдер ал барарда реалдуу шарттарды жаап-жашырып, баарын жасалгалап көрсөткөнүн сынга алып, мындай салтты жокко чыгаргысы келерин айткан.

Адатта президент жыйын өткөрө турган имарат толугу менен оңдолуп-түздөлөт. Жол боюна кычыраган кыш болсо да бактар, гүлдөр тигилет. Ал эми жыйнап-тазалоо иштерине мугалимдер, студенттер жана мамлекеттик кызматтарда иштегендер тартылат.

Жергиликтүү тургундардан ошол күнү жакшы кийинүүнү жана туура сөздөрдү айтууну суранышат. Сын тууралуу сөз да болбошу зарыл.

Маселелерди чечүүнүн жана элдин нааразылыгын угуунун ордуна аймактык жетекчилер жөн гана чыныгы жагдайды жаап-жашырып коюуну туура көрүшөт.

Жергиликтүү тургундардын эсебинен президент үчүн уюштурулган шоу

Мирзиёев биринчи жолу ушундай «жасалма даярдыкты» 2018-жылы сынга алган. Буга Самарканд облусунда президенттин келишине даярданып, жолдун четин тазалап жаткан 23 жаштагы мугалимди машине коюп кеткени себеп болгон.

Орто мектептин мугалимдерине, анын ичинде каза болгон Диана Еникеевага жергиликтүү бийлик президенттин автокербени өтө турган кан жолдун боюндагы таштандыларды тазалоону тапшырган.

Мирзиёев жаш мугалимдин өлүмү үчүн өзүн күнөөлүү сезип жатканын айтып, жергиликтүү бийликтен мамлекеттик кызматкерлерди бекер жумушчу күч катары колдонууну токтотууну талап кылган.

«Мен жериндеги кырдаал тууралуу толук кабардармын. Көп жерлерде жасалма шоу уюштурушат. Бул менин жүрөгүмдү айлантып, өзүмдү абдан ыңгайсыз сезем», - деген президент Сырдарыя облусуна барганда.

Борбор Азиядагы көнүмүш көрүнүш

Президент келерде баарын тазалап, жууп, жасалгалоо Борбор Азияда салтка айланып калган адаттагы көрүнүш десек болот.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмон өлкө түштүгүндөгү Бохар шаарына барарда жол четиндеги бактарды бир метри 4,40 доллар турган жибек жана пахта кездемелер менен ороп чыгышкан. Кошуна мамлекетте мугалимдин орточо айлыгы 100 долларга жакын.

Жергиликтүү бийликти сындап жүргөн Куляб шаарынын эки тургунун Рахмон келген сайын полиция кайтарып, үйүнөн чыгарбайт.

Мындай салт Түркмөнстанда да кеңири жайылган. Президент Гурбангулы Бердымухамедов Беркарар Заман деп аталган жаңы айылды ачып жатканда мамлекеттик телеканал жүздөгөн адамдарды, анын ичинде балдарды көрсөткөн. Алардын баары бул айылда жашаганына канчалык бактылуу экенин жарыша айтып беришкен. Жергиликтүү жашоочулар президентти кызыл килем төшөп тосуп алып, ал үчүн концерт уюштурушкан.

Кыргызстанда да президент келерде баарын жыйнап, тазалоо көрүнүшү бар. Бир нече жыл мурда мамлекет башчыны тосуп алыш үчүн тизилген окуучулардын бири эстен танып жыгылган. Ошондон кийин окуучуларды мындай иш-чараларга тартууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG