Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Ислам: Адегенде ата-энеңдин батасын ал


«Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүн үй-бүлөдөгү тарбияга, руханий байлыкка жана ата-эне менен балдардын ортосундагы мамилеге арнадык.

Ата-энелер менен перзенттердин ортосундагы талаштар, баласын таштап кетүү же ата-энесин кароосуз калтыруу сыяктуу жагдайларга диний көз карашта талдоо жасайбыз. Теманы Канатбек Мурзахалилов менен «Арчалуу» куран жаттоо медресесинин мүдүрү Каразак Кожояров талкуулашты.

- Адамзаттын жашоосунда ата-эненин орду бийик жана баалуу. Тилекке каршы, кээ бир замандаштарыбыз жашы өткөн ата-энесин карабай карылар үйүнө, ал эми айрым жаштар жаңы төрөлгөн баласын көчөгө же таштандыга таштап кеткен учурлар кездешүүдө. Баланын ата-энеге же ата-эненин балдарына жасаган ушул сыяктуу терс көрүнүштөрдүн кыргыз коомунда орун алуусу, анын өрчүүсү кандай факторлордун негизинде пайда болду деп эсептейсиз?

Каразак Кожояров
Каразак Кожояров

- Бүгүнкү күндө коомубузда пайда болуп жаткан мына ушундай бир терс көрүнүштөрдүн келип чыгуу себептерин мен «руханий ачкачылык» деп баалайт элем. Себеби, адам баласынын руху ачка болсо, анын курсагынын ток экендиги маанилүү эмес.

Бул жашоодогу ата-эненин орду канчалык экендиги жасай турган ишибизди келечекте улап кете турган балдарыбыздын ролу канчалык экендиги аркылуу билинет. Ал адамдын ыйманына байланыштуу болот. Адамдын руху ачка болсо, бардык нерсе ага жүк катары көрүнөт. Ата-энеси жүк боло баштайт. Балалуу болбой же аз балалуу болсо деле «бага албайм» деген коркунуч менен ар кайсы жерге таштап кетет. Ушул сыяктуу ыйманга байланыштуу болгон бардык терс көрүнүштөр руханий ачкачылыктан.

- Деги эле динде баланын ата-энеге болгон урмат-сыйынын чен өлчөмү эмненин негизинде бааланат?

- Ислам дининде пайгамбарыбыз бул өлчөмдү ачык айтып койгон. Ал «ата-эне бейиштин кире бериш чоң эшиги. Кааласаңар, өзүңөр үчүн ачып койгула. Кааласаңар, жабып салгыла» деп ачык айткан. Экинчи бир хадисинде пайгамбарыбыз «Аллахтын ыраазычылыгы – ата-эненин ыраазычылыгындай. Аллахтын ачууланусу – ата-эненин ачууланусундай» деп айтат.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов

- Ата-эне картайганда балдары тарабынан каржылануусу, жылуу-жумшак мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүү акысы динде, анын ичинен исламда кандай деңгээлде каралган?

- Динибизден сүзүлүп алынган, ата-бабалардын сөздөрүнө маани берсек «ата-энеңдин тирүүсүндө кадырын бил. Бир күн келет сен анын жүзүнөн, колунан эмес, топурагын өпкөнгө зар болосуң» деп айтылган.

Ата-эненин бул дүйнөдөгү орду канчалык экендигин диний өңүттөн карайлы. Пайгамбарыбызга күндөрдүн биринде бирөө келип айткан «Йа Расул Аллах, мен бир жакка хижрага кетип жатам». Хижра динибизде албетте сооптуу иш. «Бирок ата-энем карып калган. Менден алар кетпешимди суранып, ыйлаган бойдон калышты» дегенде, пайгамбар «сен кайра кайт анда. Ата-энеңди кантип ыйлатсаң, ошондой кылып кайра кубандыр. Эгерде алардын ыраазычылыгы болсо, сенин хижратың кабыл болот. Алар ыраазы болбосо, анда сен алардын ыраазычылыгын алмайынча кайра келбе». Бул деген ата-эне карыган кезде маани берип кароону билдирет. Алар жаш кезинде, күч-кубаты бар мезгилинде эч кимге муктаж болбошу мүмкүн. Бирок карыган кезде бизге муктаж болгондугу айтылат.

Кудай таала да «Аллага ибадат кылгыла. Ага шерик кошпогула. Бирок, андан кийин эле ата-энеңерди сыйлагыла. Алардын бирөө жарымы же экөө жаныңда кошо картайган кезде, аларды эч качан кагып-силкпе, жаман сөздү да айтпа. Ата-энеңди капа кылба. Дайыма жумшак, жакшы сөздөрүң менен гана кайрылгын. Алардын көңүлүн ал» деп айткан. Ата-эне картайган мезгилинде, биздин кызматыбызга муктаж болуп турган кезде бир да капаланткан, жаман сөздү айтпоо ар бир баланын парзы.

Ата-эненин балдарга болгон мамилеси назик нерcе. Себеби, «ата-энеңе кандай мамиле кылган болсоң, балдарыңдан ошону көрөсүң» дейт эмеспи. Биз келечекте кандай ата-эне болууну кааласак ошондой баланы тарбиялоо ар бирибизге парз.

Бүгүнкү күндө бүтүрө албай калган ишибизди, токтолуп калган аракетибизди улай турган, эртең атыбызга элден ыраазы болгон сөздөрдү уккубуз келсе, анда жакшы уул-кызды тарбиялоо ислам динибиздин бизге койгон шарттарынан бири.

- Практика жүзүндө балдарды туура тарбиялоо кандай болушу керек деп эсептейсиз?

- Али (разияллоху анху) айткан сөзү бар «балдарыңарды өзүңөрдүн жашап жаткан дооруңарга эмес, өздөрүнүн жашай турган дооруна жараша тарбиялагыла». Биз, мисалы, Советтер Союзу убагында жашап калдык. Ошол союз мезгилиндей балдарды тарбиялоо бүгүнкү күндө өтпөй калды. Азыр технология өнүктү, ааламдашуу процесси аябай күчөдү. Демек, балдарды дүйнөлүк деңгээлде, анын муктаждыктарына жараша тарбиялай турган доор келди. Ислам динибизде да бала тарбиясына олуттуу көңүл бурулган. Балдарга бүгүнкү күндө дүйнөгө чыга турган кайсы илим талап кылынган болсо, ошону берүү мусулманчылык үчүн керектүү болуп турган нерсе.

- Ислам дининде ата-энеге жакшылык кылуу эң чоң ибадаттардын даражасында каралат. Өзгөчө мында эненин акысы чоң. Бекеринен хадисте «бейиш - эненин таманы астында» деп айтылбаса керек. Ал эми кыргыз элибиз «эненин көңүлү балада...» деп жөн жеринен айткан эместир. Жалпысынан динде энелердин орду кандай өңүттө каралаган?

- Баарыбызга белгилүү, динибизде пайгамбарыбыздан калган «бейиш - эненин таманынын астында» деген сөз бар. Менимче ушул сөздүн өзү жетиштүү болот.

Пайгамбарыбызга күндөрдүн биринде бир бала келип айтат: «Йа Расул Аллах, мага бул дүйнөдө эң жакын, жакшылык кыла турган адам ким болушу керек?». Анда пайгамбарыбыз «апаң» дейт. Бул «апаңдан жакын адам жок» деген сөз. Андан кийин «Пайгамбарыбыз адашып калдыбы?» деп дагы бир жолу сураганы барат. Пайгамбарыбыз кайра эле «апаң» дейт. Үчүнчү ирет келип сураганда кайра эле «апаң» дейт. Төртүнчү жолу сураганда «атаң» дейт. Пайгамбар ушул жообу менен көңүлүнүн назиктиги, оор сөздөрдү көтөрө албаган биздин апаларыбыз экендигин билдирип жатат. Ал «апаңарга көбүрөөк жакшы мамиле кылгыла» деген маанини айтып жатат.

Пайгамбарыбыз Исра жана Миражга чыгып келгенден кийин Айша энебизге «Мен Исра жана Мираж ааламында бейиште ушунчалык бир жакшы үн уктум. Мындай үндү мен такыр уккан эмес элем. "Бул ким?" деп сурасам, Харис ибн Нуман деген сахаба экен. Бул ошонун үнү экен»,- дейт. «Эмнеге ал анчалык деңгээлге жетти?»,- деп Айша энебиз сураганда, пайгамбарыбыз «ал энесине ушунчалык жакшы мамиле кылган экен. Энесине жакшылык кыла турган болсо, ушундай кылсын», -деп үч жолу кайталады. «Энесине жакшылык кылган адам эч качан жамандык көрбөйт. Ошонун бейиштиги үчүн бир даярдалган орунду көрүп келдим. Себеби, апасын эч качан капа кылган эмес», - дейт.

Бүгүнкү күндө биздин да мойнубузга түшкөн нерсе ушул экен. Энебизди дагы көбүрөөк сыйлаганга милдеттүүбүз. Алардын ыраазычылыгын көбүрөөк алып, бул дүйнөдө көңүлүн көтөрүп жашоо ар бир баланын парзы.

- Кыргыз коомунда учурда энелерди балдары канчалык сыйлайт деп ойлойсуз?

- Бүгүнкү күндө биздин ислам менен жуурулушуп калган адаттарыбызда да ата-энеге болгон сый-урмат жакшы. Бирок чындыгында, акыркы кезде ата-энеден бала алыс болуп калган учурлар бар. Ата-энесинин колунда өспөй, башка адамдардын колунда тарбияланган бала өзүнүн ата-энесинен алыстап жатат. Баладан ата-эне «урмат-сый көрөм» дей турган болсо, кыйынчылыктарга карабастан өзү тарбиялаганы жакшы болот. Себеби, ата-энесин сыйлабай калгандардын көпчүлүгү чоң ата менен чоң эненин, таята менен таененин колунда өсүп калган балдар. Мисалы, алар атасын «жезде», апасын «эже» деп өсөт. Бул көрүнүшкө миграция себеп десек болот. Балдарыбыз ата-энеден алыс болуп, картайган мезгилинде баласынан өздөрү ата-энесине кылган мамилени көрбөй жатышат. Алыста жүргөндүктөн балдарына жат адамдай болуп калышкандай.

- Карыган ата-энелерге өзгөчө жакшы мамиле кылууга багытталган кеп-кеңештериңизди дагы уксак.

- Карыган ата-энелерге жакшы мамиле кылуу тууралуу мындай деп айтмакмын. «Эгерде бул дүйнөдө бактылуу жашайм десең, анда карыган ата-энеңди жакшы кара. Эртең балдарыңдан жакшылык көрөм десең, анда карып калган ата-энеңе жакшы мамиле кыл».

«Кудайдын ыраазычылыгы» деп жүрсөң, акыретте бейишке кирүүдөн үмүтүң болсо, анда ата-энеңди ыраазы кыл, ошолордун батасын ал, аларга кызмат кыл.

XS
SM
MD
LG