Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Бишкек Сеулдан кыргыз студенттерине квотаны көбөйтүүнү өтүндү


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов менен Түштүк Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок 5-апрелде Бишкекте жолугушту.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов менен Түштүк Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок 5-апрелде Бишкекте жолугушту.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов 5-апрелде Бишкекте Түштүк Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолукту. Алар парламент аралык кызматташтыкты, соода-экономикалык байланышты чыңдоону жана мамилелердин жигердүү уланышы тууралуу пикир алмашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Пак Бён Сок Кыргызстан региондо ачык-айкын саясаты менен айырмаланып тураарын белгиледи.

"Кыргызстан Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп эсептелет. Ачык-айкындуулугу менен аймакта өзгөчөлөнүп турат", - деди.

Парламенттик делегациянын жыйынында эки мамлекеттин ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү төмөн болуп жатканы, өз ара экономикалык алаканын мүмкүнчүлүктөрү арбын экени айтылды. Мамытов Түштүк Кореядан кыргыз студенттери үчүн квотаны көбөйтүүнү өтүндү.

Пак Бён Сок баштаган делегация Кыргызстанга расмий иш сапары менен 3-апрелде келген.

Расмий маалыматка ылайык, 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 30 миллион долларга жакын болгон. Андан кийинки жылдардагы экономикалык кызматташтыктын жыйынтыгы тууралуу айтылган эмес. Кыргызстанда Түштүк Кореянын миңден ашуун ишканасы бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG