Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Рим папасы жакыр өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоого чакырды


Рим папасы Франциск
Рим папасы Франциск

Рим папасы Франциск 4-апрелде Пасха майрамына карата жасаган билдирүүсүндө эл аралык коомчулукту COVID-19 илдетине каршы вакцинаны жайылтууну тездетүүгө жана жакыр мамлекеттерди камсыздоого чакырды.

«Пандемия дагы эле жайылып жатат, ошол эле маалда социалдык жана экономикалык кризис өзгөчө кедей-кембагалдар үчүн олуттуу бойдон калууда. Өзгөчө аяр катмарлар жардамга муктаж».

Ал ошондой эле вакцинаны коронавируска каршы «негизги курал» деп атады. Понтифик өз кайрылуусун Ыйык Петр чиркөөсүндө, эки жүздөй адамдын алдында жасады.

Пандемияга чейин бул жараян адатта Ыйык Петр аянтында, он миңдеген зыяратчылардын катышуусунда өтчү.

XS
SM
MD
LG