Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Иорданиянын ханзаадасы үй камагына алынганын билдирди


Хамза бен Хусейн.
Хамза бен Хусейн.

Иорданиянын падышасы Абдалла IIнин иниси, тактынын мурдагы мураскери ханзаада Хамза бен Хусейн үй камагына алынганын билдирди.

"Би-би-си" медиасына Хамза бен Хусейндин адвокаты берген видеодо ханзаада мамлекеттин жетекчилигин жемкорлукка айыптаган.

Буга чейин падышалыктагы бир нече жогорку даражалуу адам бийликти кулатуу аракетине катышкан деген шек менен камалганы тууралуу маалымат чыккан.

Иорданиядагы Штаб жетекчилеринин биргелешкен комитетинин жетекчиси Юсеф Ахмад аль-Хунейти ханзааданын үй камагына алынганын ырастаган жок.

Ошол эле маалда генерал кошумчалагандай, падышанын инисинен Иорданиянын коопсуздугуна жана туруктуулугуна шек келтирген аракеттерди токтотууну талап кылышкан.

Ханзаада өзү кутум тууралуу кептерди четке кагууда. Иордания Жакынкы Чыгыштагы эң тынч жана туруктуу мамлекеттердин бири болуп саналат. Аймактагы мамлекеттер, анын ичинде Египет менен Сауд Аравиясы дагы соңку кырдаалда падыша Абдаллага өз колдоосун билдиришкен.

АКШ Иорданиянын өзүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары санайт. Вашингтон менен Амман «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы биргелешкен аракеттерди көрүп келишет. Ошондуктан Америка дагы Абдаллага өз колдоосун билдирди.

Хамза бен Хусейн 41 жашта. Ал 2004-жылга чейин тактынын мураскери саналчу. Кийин падыша Абдалла бул макамды өзүнүн улуу баласына өткөрүп берип койгон.

XS
SM
MD
LG