Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

Оштогу Бабур театрын Өзбекстан оңдоп бермей болду


Барбур театры. Сүрөт 2016-жылы тартылган.
Барбур театры. Сүрөт 2016-жылы тартылган.

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын Өзбекстан оңдоп берет. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Азам Абдуразаков «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында имаратты оңдоого 37,5 миллион сом каражат коротулушу күтүлүүдө.

«Бул маселе президенттин иш сапарында көтөрүлдү. Бабур театрынын имараты 1979-жылы курулуп, пайдаланууга тапшырылган. Андан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес».

Өкмөт 2020-жылы театрды оңдоого бюджеттен акча бөлгөн. Бирок пандемияга байланыштуу оңдолбой калган.

Өзбекстан 2018-жылы Ош шаарына үч кабаттуу 630 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруп берген. (DU)

XS
SM
MD
LG