Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:11

Абактагы Навальный арыктап кеткени кабарланды


Алексей Навальныйдын абактагы сүрөтү
Алексей Навальныйдын абактагы сүрөтү

Орус оппозиция лидери Алексей Навальный абакта ден соолугу начарлап, арыктап кетти. Мындай билдирүү анын телеграмм каналына 1-апрелде жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, өткөн айда колонияга которулгандан бери cаясатчы сегиз килограмм салмагын жоготкон. Буга чейин Навальныйдын салмагы 93 килограммды түзсө, учурда ал 85 килограмм болуп арыктаган. Саясатчы буга түнүчүндө уйку бербей, саат сайын ойготкон абак күзөтчүлөрүн күнөөлөп жатат.

31-марттан тартып Алексей Навальный ачкачылык жарыялаган. Ал мекеменин жетекчилигинен мыйзамды аткарууну, саламаттыгын текшерүүгө чакырылган дарыгердин киришине уруксат берүүнү талап кылып жатат.

Оппозициячыл саясатчы ага медициналык жардам бергендин ордуна түрмө башчылыгы анын түн уйкусун алып жатканын кошумчалаган. Навальный күзөтчүлөр анын камерасына бир түндө сегиз жолу кирип, ойготуп жатышканын, анын азыр абак жайында ачкачылык кармагандан башка, өзүн коргой турган куралы калбаганын жарыялаган.

Навальный былтыр жайында ууланып, Германиядан дарыланган. Берлинден Москвага учуп келери менен быйыл январь айында кармалып, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG