Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:55

"Ак-Жол" бекети 305 миллион сомго оңдолду


Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол бекети.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетин реконструкциялоого 305 миллион сом жумшалды. Бекетти оңдоо иштери мындан туура бир жыл мурун башталган.

Коронавирус пандемиясына чейин бул бекеттен күнүнө 10 миңге чейин адам адам каттап, 1,5 миңдей автоунаа өтчү. Туристтик мезгил убагында болсо жүргүнчүлөрдүн саны 35 миң, ал эми машиненин саны 2,5 миңге чейин жетчү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, эми оңдоп-түзөтүүдөн кийин бекеттен суткасына 35 миңден ашык адам, 5 миңдей транспорттук каражат өтө алат.

Ак-Жол бекети жума күнү, 2-апрелде расмий ачылды. Ага Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен казак өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты.

Кыргыз-казак чек арасында "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Чоң-Капка", "Каркыра" бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт. (BTo)

XS
SM
MD
LG