Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Бишкек быйылкы жылдын алгачкы веложүрүшүнө камданууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 4-апрель, жекшемби күнү айрым негизги автожолдор убактылуу жабылат.

Мэриянын маалыматына караганда, бул күнү быйылкы жылдын алгачкы веложүрүшү уюштурулат.

10 чакырымдык жүрүш Ден соолук паркынан башталып, Ч.Айтматов, А.Масалиев, А.Токомбаев, Н.Жетикашкаев жана А.Токтоналиев көчөлөрү аркылуу уланат жана кайра ошол эле жерден жыйынтыкталат.

Велосипедчен жүрүшкө чыккандардын коопсуздугун эки “Тез жардам” бригадасы жана жол коопсуздугу боюнча кызматкерлер камсыз кылышат.

Былтыр 27-сентябрда коронавируска байланыштуу кырдаал начарлап жаткандыктан Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата пландалган веложүрүш өтпөй калган. (RK)

XS
SM
MD
LG