Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

COVID-19: Вирус дагы 164 адамдан табылды, бир бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 1-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарындагы ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1500 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 164 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (97) жана Чүй облусунда (51).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 88 538 адамга жетти.

Бир күндө 88 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 504 адам жатат, дагы 688 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4248 адамга жетти, алардын 4197си айыгып чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. 24-мартта вирус 115 адамдан табылып, бул 3-февралдан берки эң чоң көрсөткүч болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG