Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:35

«Кабар» агенттиги Дашковдун кызматтан кеткенин жазды. Мекеменин басма сөз кызматы аны төгүндөп жатат


Василий Дашков
Василий Дашков

“Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков кызматтан алынганын мамлекеттик “Кабар” агентиги Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматына таянып жазды.

Бирок, “Азаттык” радиосу мекеменин басма сөз кызматына байланышкан учурда "Кыргыз темир жолу" Дашковдун кызматтан кеткенин төгүндөп маалымат берди. Учурда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Буга чейин бир нече жарандык активисттер Василий Дашковду коррупциялык иштерге аралашканына шек санап, кызматтан кетүүсүн талап кылып келишкен болчу. Дашковдун өзү ал дооматтар боюнча комментарий берген эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG