Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:52

Италия Орусиянын пайдасына иштеди деген шек менен эки кишини кармады


Италия.
Италия.

Римде 31-мартта Италиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн капитаны Орусиянын пайдасы үчүн тыңчылыкка шектелип, кармалды. Ал орусиялык аскер адамы менен бирге колго түшкөнүн Италиянын чалгын кызматы жана полиция билдирди.

Италиянын Тышкы иштер министри бул маселе боюнча Римдеги орус элчиси Сергей Разов министрликке чакырылганын кабарлады.

“Из кубарлар ал экөөнүн жашыруун жолугушуусун аңдып, анда италиялык офицер акчаны маанилүү документти алмаштырып, берип жаткан учурда кармашкан”деп айтылат полициянын билдирүүсүндө. Азырынча Орусиянын расмий өкүлдөрү бул окуяга байланыштуу комментарий берише элек.

Италиянын контрчалгындоо кызматы Орусиянын Римдеги элчилигинин расмий кызматкери менен италиялык капитандын жашыруун жолугушуусу түн ортосунда болгонун белгилеген. Билдирүүдө кармалган экөө тең мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу тыңчылыкка шектелип жатканы көрсөтүлгөн. Анын жыйынтыгында италиялык офицер кармалып, камакка алынды. Ал эми орус элчилигинин кызматкеринин дипломатиялык кол тийбестигине байланыштуу анын жагдайы кароодо экени кабарланды.

XS
SM
MD
LG