Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Сузак: Депутат менен айыл аймак башчысынын жаңжалы териштириле баштады


Мирлан Калмаматов
Мирлан Калмаматов

Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Сыргак Замирбек уулу менен ушул айыл аймактын башчысы Мирлан Калмаматовдун ортосундагы тирешти райондук милиция иликтеп жатат. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин билдиришинче, окуя боюнча арызды 31-мартта Сыргак Замирбек уулунун жубайы Айтурган Асеинова жазган.

Арызда, 30-март күнү түнкү саат он чамасында Талаа-Булак айылындагы Сыргак Замирбек уулунун үйүнө Мирлан Калмаматов дагы бир шериги менен бычак көтөрүп келип, Айтурган Асеиновага жолдошун таап келүүнү талап кылып, опузалаганы жазылган.

Калмаматов арызда жазылган дооматтарга макул эмес. Ал бычак көтөрүп, Сыргак Замирбек уулунун үйүнө барбаганын айтууда.

Райондук милиция Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат. (MiK/TB)

XS
SM
MD
LG