Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

COVID-19: АКШ эмдөөнү тездетти


АКШнын бийлиги коронавируска каршы каршы эмдөө жигердүү жүрүп жатканына карабастан чектөөлөрдү тезинен токтотуу жаңылыш кадам экенин эскертти.

29-марттагы билдирүүсүндө Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 19-апрелге чейин өлкөдөгү жашы жеткен курактагы адамдардын 90 пайызы вакцина алууга мүмкүнчүлүгү болорун жарыялады. АКШ өкмөтүнүн маалыматы боюнча, азыркы тапта 93 миллиондон ашык адам же калктын 28 пайызы вакцинанын бир дозасын сайдырды. Ал эми америкалыктардын 15 пайыздан ашууну толугу менен эмделди. Бул АКШдагы жашы 65тен өткөндөрдүн жарымын түзөт.

Жо Байден
Жо Байден

Вакцинация программасынын ыкчам жүрүп жатканына карабастан президент Байден буга чейинки чектөөлөрдү жумшартуу туура эмес экенин айтууда. Ал штаттардын бийликтерине кайрылып, милдеттүү түрдө беткап тагынуу режимин сактоого чакырды:

«Мен бардык губернаторлорго, мэрлерге, жергиликтүү лидерге кайрылып, милдеттүү түрдө беткап тагынуу режим сактап, калыбына келтирүүгө чакырам. Сураныч, бул саясат эмес. Эгер четке каксаңар кайра калыбына келтиргиле. Бул вируска маани бербей коюу менен кайрадан абалды оорлоштуруп, вирус жугузгандардын жана каза болгондордун көбөйүшүнө алып келет. Мен учурда вакцинацияны тездетүүгө аракет кылып жатам, америкалыктардын да буга салым кошуусун каалайм. Беткап тагынуу мекенчил милдет болушу керек».

Буга чейин АКШнын Оорулардын алдын-алуу борборунун жетекчиси Рошель Валенски айрым штаттарда милдеттүү беткап тагынуу сыяктуу бир катар чектөөлөр жумшартылып жатканына тынчсызданган. Ал Кошмо Штаттарында пандемиянын «үчүнчү толкуну» менен алышып жаткан Европадагы кырдаал кайталанышы мүмкүн экенин эскертти.

Соңку аптада Америкада вирусту жугузуп алгандар мурдагыга караганда 10 пайызга көбөйүп, күн сайын 60 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталууда. Бирок бул сан быйыл январда күнүнө 200 миңден ашык адамда жугуштуу вирус табылып, ооруканаларда орун жетпей калган учурга салыштырганда кыйла жакшы.

Европада болсо эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Францияда вирустан улам реанимацияга түшкөндөрдүн саны былтыркы көрсөткүчтөн ашып кетти.

Бул континентте коронавирустун мутацияланган түрүнүн жайылышы чочулоо жаратып жатат. Адистер жаңы штаммдар тезирээк жайылып, жаштар үчүн коркунучтуу экенин белгилешүүдө.

Мындан улам Борбордук жана Чыгыш Европадагы бир катар өлкөлөр карантин чараларын күчөтүүдө. Мындай шартта Улуу Британияда гана карантиндик чектөөлөр жеңилдетилип, таза абада алты кишиге чейин чогулуп, спорт менен машыгууга уруксат берди. Бирок британ премьер-министри Борис Жонсон Европанын башка аймактарында коронавирус жугузгандар көбөйүп, COVID-19дун улам жаңы түрлөрү пайда болуп жатканын белгилеп, көпчүлүктө коопсуздук эрежелерин сактоого чакырып жатат.

Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Ал эми түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 29-мартта өлкөдө вирус жугузгандардын санын ооздуктоо үчүн чектөөлөр күчөтүлөрүн жарыялады. Ал Орозо маалында дем алыш күндөрү жарандарды көчөгө чыкпоого үндөдү:

“Орозо айында баарыбыз дем алыш күндөрү көчөгө чыкпоо практикасын аткарабыз. Түркиянын бардык аймагында кафе-ресторандар ачылбайт, тек гана тамакты заказ берип алып кетсе болот. Ошондой эле орозо маалында чогулуп ооз бекитип, ооз ачмайларга тыюу салынат”,-деди.

Учурда Түркияда пандемияга байланыштуу кечки тогуздан таңкы бешке чейин коменданттык саат күчүндө.

Ал эми 29-мартта Пакистандын президенти Ариф Алви вирус жугузуп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу президент «Твиттердеги» баракчасында жазды. Буга чейин Пакистандын премьер-министри Имран Хан жана анын жубайы коронавирусту жугузуп алышкандыгы аныкталган болчу. Өкмөт башчы Имран Хандын саламаттыгынын абалы турукташып, эми өз ишин улантуу үчүн ага уруксат берилди.

Пакистанда соңку бир күн ичинде 41 киши коронавирустун айынан кайтыш болуп, бул илдетке байланыштуу 4500дөн ашуун жаңы учур катталгандыгы 29-мартта расмий маалымдалды.

Калкынын саны 216 миллион адамды түзгөн Пакистанда былтыртан бери 659 миң киши вирус жугузганы аныкталса, анын ичинде 14 256 киши өмүрүнөн ажырады.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG