Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:56

31-мартта жаан, кар жаайт


Кыргызстандын тоолору.
Кыргызстандын тоолору.

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 31-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлүп жатат. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, айрым аймактарда 0…-2, күндүз 4…9;

Суусамырда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8

Баткен облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4

Бийик тоолордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -4…-9 градус суук болот.

31-мартта Бишкек шаарында кар аралашкан жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 6…8 градуска чейин жылыйт.

Эскертүү: 31-мартта жана 1-3-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3, тоо этектеринде -4…-6 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, мөмө бактары үчүн коркунучтуу.

30-31-марттагы туруксуз аба ырайына, жаан-карга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда сел коркунучу сакталууда.

XS
SM
MD
LG