Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Кытай Гонконгдун шайлоо системасын реформалоо планын кабыл алды


Кытай Конгресси.
Кытай Конгресси.

Мындай план Бээжиндин бул шаарга көзөмөлүн катаалдаштыра турганы айтылды. Өлкөнүн Жогорку мыйзам чыгаруучу органы болгон эл өкүлдөрүнүн жалпы Кытай жыйыны Гонконгдун Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү караган мыйзамды бир добуштан кабыл алды. Кийин ага Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кол койгонун 30-мартта мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

Гонконгдун Баш мыйзамы Кытайдын ичинде ага өзгөчө укуктар менен эркиндиктерди берген документ. Мурда Улуу Британиянын колониясы болгон Гонконг 1997-жылы Кытайга өткөрүлгөн.

Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр Гонконгдун парламентинин мүчөлүгүнө талапкерлерди текшерип, киргизүүгө укук берет. Бул демилгенин сынчылары мындай реформа Гонконгдогу демократиянын күнү бүткөнүнөн кабар бере турганын эскертишти. Анткени бул ченем парламентке оппозиция өкүлдөрүнүн киришине бут тосот.

Гонконгдун лидери Кэрри Лам 30-мартта мындан бир жыл мурун коронавирустан улам жылдырылган Мыйзам чыгаруу кеңешине шайлоо быйыл декабрда өтө турганын билдирди. Эл өкүлдөрүнүн жыйыны бул айдын башында демократиялык кыймылдын фонунда бул чечимди колдоп берди.

Ошол эле кезде G7 тобуна кирген өлкөлөрдүн тобу жана Евробиримдик мындай кадамды материктеги Кытайдын Гонконгдо расмий саясатка макул болбогондорду саясатка жолотпоо аракети катары баалашты. Жаңы мыйзамга ылайык, Гонконгдун парламентинин курамы 70тен 90 мандатка көбөйөт.

XS
SM
MD
LG