Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:47

Шайлоого эң көп шаардан катышып жаткан "Ата-Журт Кыргызстан" болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл шаардык кеңештерге шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы эң көп жерден катышып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка караганда, бул жолу 28 шаарда жергиликтүү кеңештерге шайлоого 59 партия катышууда.

Алардын арасынан «Ата-Журт Кыргызстан» 21 шаарда, «Өнүгүү-Прогресс» 17, «Замандаш» 16, «Ыйман Нуру» 15, «Ынтымак» 14, «Социал-демократтар» 13, «Республика» 12, «Эмгек» 11 шаарда ат салышып жатыт.

«Бүтүн Кыргызстан» жана «Улуу Журт» партиялары 10, «Бирге-Вместе» алты, «Ишеним», «Кыргызстан» жана «Тынчтык» партиялары беш, «Бир Бол», «Жаңы Доор», «Ата Журт», «КЭДП» жана «Патриот ынтымагы» партиялары төрт шаардагы шайлоого катышууда.

«Аманат», «Мекен Ынтымагы», «Нур», «Улуттар биримдиги», «Ордо», «Табылга» жана «Чоң Казат» үч, калган 33 партия эки же бир шаардагы шайлоого катталган.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин - 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы быйыл 26-февралда, кезексиз курултайы өтөрдөн эки күн мурун Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн. Аны былтыр «Мекенчил» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Айбек Маткеримов башкарат. Партиянын Бишкектеги координатору болуп Жеңиш Токторбаев дайындалган. Ал буга чейин «Ата-Журт» партиясында иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG