Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:58

Өкмөт: Чектөө азырынча кирбейт, эл көп жерлерде санитардык көзөмөл күчөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы чектөө азырынча киргизилбейт, бирок эл көп чогулуучу жерлерде санитардык коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын отурумунда айтканын 27-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ар бир аймактын жергиликтүү бийлиги эпидемиологиялык кырдаалга жараша чара көрүп турары айтылды.

Новиков дүйнөдө коронавируска чалдыккандар көбөйүп, коңшу өлкөлөрдө чектөө киргизилип жатканын белгиледи жана тийиштүү жетекчилерге “Былтыр пандемия курчуп турган кездегидей каталарды кетирбегиле” деп талап койду.

Дүйнөдө соңку бир жылдан бери коронавируска 126 миллион адам чалдыгып, алардын 3 миллионго жакыны каза болду. Кыргызстанда бул ооруну жугузуп алган 88 миңдей адамдын 1,5 миңге жакыны көз жумду. (RK)

XS
SM
MD
LG