Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Кытай британиялык бир нече компания менен жарандарга санкция киргизди


Британия менен Кытайдын желектери.
Британия менен Кытайдын желектери.

Кытай британиялык бир нече уюм жана жарандарга санкция жарыялады. Расмий Бээжин аларды Шинжаңдагы уйгурлар баштаган түпкүлүктүү улуттарга карата Кытайдын саясатын каралап, "жалган маалымат таратты" деп айыптоодо.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 26-мартта жарыялаган маалыматта британиялык төрт уюм жана тогуз жаранга санкция салынганы айтылат. Алардын арасында британ парламентинин мүчөлөрү да бар. Санкцияга туш болгондор жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кытайга кире албайт, мүлктөрү камакка алынат. Ал эми Кытайдын жарандары алар менен биргеликте иш жүргүзө албайт.

Расмий Бээжин мындай кадамга АКШ, Британия, Евробиримдик жана Канаданын санкцияларына жооп иретинде барды. Аталган өлкөлөр Кытайдын Шиңжандагы мусулман коомчулугунун өкүлдөрүнө карата саясатын сынга алып, чектөөлөрдү киргизген.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, кеминде бир миллионго чукул мусулмандар - алардын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар - Шиңжандагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып турат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим мекемелери" катары сыпаттап келет.

XS
SM
MD
LG