Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Бишкекте "COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен" китебинин бет ачары өттү


Электрондук китептин башкы бети.
Электрондук китептин башкы бети.

Бишкекте бүгүн, 26-мартта "COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен" электрондук китебинин бет ачары болуп өттү. Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын эң оор учурундагы абал тууралуу баяндаган электрондук маалымат ресурсунда пандемиянын экономика, билим берүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, медицина тармактарына жана катардагы жарандарга тийгизген таасири жөнүндө жүздөн ашуун маек бар.

Маектерди журналисттер Бактыгүл Чыныбаева жана Кайыргүл Урумканова жүргүзүп, топтошкон.

Бул сайттан “кызыл зонада” иштеген адамдардын, оорудан сакайып чыккандардын, каза болгондордун жакындарынын маектерин таап укса, окуса болот.

«Кыргызстандыктардын пандемия маалындагы үнү» деген долбоорду Борбор Азия Университетинин (БАУ) «Жарандык коомдун демилгеси» программасы ишке ашырды. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги колдоосун көрсөттү.

"COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен"
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Долбоордун максаты – коомчулукка жарандык коомдун пандемия маалында топтогон тажрыйбасы тууралуу так маалымат жеткирүү.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда ооруну жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. Айрым адистер азыр эпидемиянын үчүнчү толкуну башталганын айтып жатышат.

Коронавирус Кыргызстанда 87 миңден ашуун адамга жугуп, 1,5 миңдей адамдын өмүрүн кыйды. (RK)

XS
SM
MD
LG