Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:02

COVID-19: Вирус дагы 100 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 100 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (45) жана Чүй облусунда (46).

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 858ге жетти, каза болгондор - 1494 адам.

Бир күндө 62 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4229 адамга жетти, алардын 4196сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору беш дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. 24-мартта бул көрсөткүч соңку кезде алгач жүздөн ашып, айрым адистер эпидемиянын үчүнчү толкуну башталганын айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG