Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Ever Given кемеси тыгылып калган Суэц каналы бир нече жумага жабылат


Ever Given деп аталган контейнер жүктөгөн ири кеме тыгылып калганынан улам Суэц каналы аркылуу кемелер убактылуу өтө албайт. Бул тууралуу каналдын администрациясы кабарлады. 20 миң контейнер жүк жүктөгөн Ever Given 23-мартта катуу шамалдан улам багытын өзгөртүп, каналдын кууш жерине тыгылып калган. Эки күндөн бери Суэц буулуп, 900 тоннадан ашык мунай жүктөгөн жүздөгөн кемелер өтө албай турат.

Учурда бир нече техника иштеп жатканы менен кумга терең матып калган Ever Given кемесин ордунан жылдыра албай турушат. Эми ири кемедеги жүктү толугу менен түшүрүп, аны чыгарыш керек. Бул жумуш бир нече аптага созулушу мүмкүн. Кеме таандык болгон жапониялык компания окуя үчүн кечирим сурады.

Байкоочулар акыркы окуяны 150дөн ашык кеме өтө албай калган эң ири тыгын катары сыпатташууда. 2004-жылы “Совкомфлот” деп аталган танкер тыгылып калганы үчүн канал бир нече күнгө жабылган эле. Ал эми ага чейин Араб-израил согушунан улам сегиз жыл иштебей турган эле.

Кызыл деңиз менен Жер Ортолук деңизди байланыштырган Суэц каналына дүйнөлүк жүк ташуунун 10 пайызы туура келет.

XS
SM
MD
LG