Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

COVID-19: Бир күндө эки адам каза болду, 106 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарындагы ооруканаларда жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1494 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 106 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (61) жана Чүй облусунда (40).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 87 758 адамга жетти.

Бир күндө 68 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 508 адам жатат, дагы 406 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4224 адамга жетти, алардын 4196сы айыгып чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. 24-мартта бул көрсөткүч соңку кезде алгач жүздөн ашып, айрым адистер эпидемиянын үчүнчү толкуну башталганын айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG