Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:39

Путин коронавируска каршы эмделет


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта коронавируска каршы эмделет. Бул тууралуу орус президенти өлкөдөгү вакцинацияга байланыштуу жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Путин кайсы вакцина менен эмделери жөнүндө так айтыла элек. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин Орусияда жасалган үч вакцинанын бири менен эмделерин билдирди.

Орусияда Гамалеи атындагы илимий борбор иштеп чыккан “Sputnik V”, Новосибирсктеги “Вектор” илимий борбору жасаган "ЭпиВакКорона" жана Чумаков атындагы борбор даярдаган “КовиВак” вакциналары каттоодон өткөн.

Учурда Орусиянын бийлиги алга сүрөп жаткан "Sputnik V” вакцинасын Европадагы дары-дармек агенттиги каттоо үчүн экспертиза дайындаган. Бирок, бүгүн таратылган маалыматтарга ылайык Евбробиримдик "Sputnik V” вакцинасына муктаж эмес, деп айтылды.

XS
SM
MD
LG