Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Кытайда кармалган Канаданын жаранынын үстүнөн сот башталды


Майкл Ковриг жана Майкл Спавор
Майкл Ковриг жана Майкл Спавор

Кытайда тыңчылыкка кармалган канадалык дипломат Майкл Ковригдин үстүнөн сот башталды. Бул иш Кытайда кармалган дагы бир канадалык жаран Майкл Спавордун үстүнөн жабык сот 19-мартта аяктаган соң башталды.

22-марттагы жараянга Канада жана башка батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары киргизилген жок. Канаданын Бээжиндеги элчиси Жим Никель сотко АКШ, Британия, Австралия баш болгон 26 өлкөнүн өкүлдөрү көз салууну көздөгөнүн билдирди.

«Майкл Ковриг эки жылдан бери камакта отурат. Ал эч негизсиз кармалган, эми болсо иши жабык болуп жатат»-деди Никель. Кытай бийлиги улуттук коопсуздукка байланышкан маселе болгону үчүн процесс жабык өткөнүн түшүндүрдү.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо соттун жабык болушун сынга алып, камактагы жарандардын эркиндикке чыгаруу башкы максат экенин билдирди.

Канаданын жарандары: мурдагы дипломат Майкл Ковриг жана ишкер Майкл Спавор 2018-жылы декабрда камакка алынган. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги алар “улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан иштерге” байланыштуу айыпталып жатканын маалымдаган.

Ага чейин Ванкуверде Кытайдын телекоммуникация гиганты - "Huawei" компаниясынын каржы жана аткаруучу директору Мэн Ваньчжоу АКШнын өтүнүчүнө ылайык кармалган болчу.

Мындан улам Кытай Ваньчжоунун кармалышы үчүн өч алуусу катары сыпатталып, эки мамлекеттик алакасынын ортосундагы мамилени начарлатты.

XS
SM
MD
LG