Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:58

БШК референдумга дагы эки үгүт тобун каттады


Кыргызстандын Конституциясы
Кыргызстандын Конституциясы

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-мартта Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга дагы эки үгүт тобун каттады. Ушуну менен мындай топтордун саны 15 болду. Анын ичинен он экиси референдумда «макул» деп добуш берүүгө, калган үч топ «каршы» деп добуш берүүгө үгүт жүргүзөт.

Кыргызстанда Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. 11-мартта Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 12-мартта кол койгон.

Быйыл 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 81% президенттик башкаруу формасын тандашкан.

Президенттик башкарууга багытталган долбоорду даярдоо 10-январга чейин эле башталып, Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Жаңы долбоор боюнча президент беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат.

Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

Айрым депутаттар, саясатчылар, юристтер жана жарандык коомдун өкүлдөрү долбоор процедураларды бузуу менен кабыл алынганын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болорун билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG