Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Депутат Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы 106 тонна алтынды иштетүүнү сунуштады


Каныбек Иманалиев. Кумтөр алтын кени. 2021-жылдын, 18-мартты.
Каныбек Иманалиев. Кумтөр алтын кени. 2021-жылдын, 18-мартты.

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссия жеринде барып өндүрүштү көрүп келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Каныбек Иманалиев калдык сактоочу жайдагы 106 тоннадай алтынды кайра иштетүү керектигин айтып, жаңы тендер өткөрүү мүмкүн экенин билдирди.

“Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен алтын өндүрүшүнүн жаңы формуласын иштеп чыгышыбыз керек”, – деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кен казуу аймагындагы мөңгүлөргө аяр мамиле жасоо маселесин көтөрдү. Анын айтымында, ал жердеги 5 мөңгүнүн экөө гана толугу менен таза турат. Жеринде барган комиссиянын айрым мүчөлөрү ар кандай багыттагы өз сунуштарын айтышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматында, эл өкүлөрү Кумтөр алтын кенине 18-мартта барышкан.

Буга чейин алтын казып алуу маалында 20 пайызга жакын алтын - калдык сактоочу жайга топтолоору айтылган. 2019-жылы «Кумтөр Голд» компаниясынын өндүрүштүк директору Болот Идрисов калдык сактоочу жайда 100 тоннадай алтын бар экенин билдирген.

Кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия 17-февралда «Республика – Ата Журт» фракциясынын сунушу менен түзүлгөн. Фракция өз сунушун жаратылышты коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздукка байланыштуу иштерди, буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышын текшерүү зарылчылыгы менен негиздеген.

6-мартта «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамааты кендин ишмердигин иликтөө боюнча мамлекеттик жаңы комиссия түзүлүп жатканына тынчсыздануусун билдирген кайрылуу таратышкан. Алар президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жана премьер-министр Улукбек Мариповго ачык кат жолдошуп, мындай комиссия 2013-жылы да түзүлгөнүн, андагы бардык отчеттер компанияда да, тиешелүү органдарда да бар экенин белгилеп, бийлик органдарынын компаниянын жумушуна кийлигишүүсү мамлекеттин инвестицияны коргоо боюнча мыйзамына каршы келээрин билдиришкен.

Кумтөр боюнча депутаттык жана мамлекеттик комиссиялар буга чейин да түзүлүп келген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG