Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

COVID-19: 55 адам айыгып, 68 адам ооруга чалдыкты


Эпидемиологиялык абал курчуган маалда медиктерге кайрылгандар көбөйөт. (2020-жылдын 16-июлунда Бишкекте тартылган сүрөт).
Эпидемиологиялык абал курчуган маалда медиктерге кайрылгандар көбөйөт. (2020-жылдын 16-июлунда Бишкекте тартылган сүрөт).

Коронавируска каршы штабдын 21-мартка карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада оорудан 55 адам сакайды. Бишкекте эки адам илдеттен көз жумду.

21-мартка карата 68 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталган. Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте – 45 адам, Чүй облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 6, Ош шаарында 4 адам. Калган аймактарда коронавируска чалдыккандар жок.

Ушуну менен Кыргызстанда былтыркы 18-марттан бери COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын жалпы саны 87 389 адамга жетти. Оорудан 84 185 адам сакайды. 1490 адам илдеттен көз жумду.

Ушул тапта стационарда 410 бейтап дарыланууда. Дарыгерлер алардын ичинен 113 бейтаптын абалын оор, 19 бейтаптын абалын өтө оор деп баалап жатышат.

Коронавируска каршы штабдын 19-марттагы жыйынында өлкөдө вирус кайрадан жайылып баратканы кабарланган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жыйында массалык иш-чараларга чектөө киргизүүнү сунуштаган. Министрлик ошондой эле элди бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактап, санитардык талаптарды бекем карманууга чакырууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG