Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Бишкек-Стамбул каттамындагы учак Анкарага чукул кондурулду


"Түрк аба жолдору" компаниясынын учагы.
"Түрк аба жолдору" компаниясынын учагы.

Учактагы ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн 19-мартта Бишкек-Стамбул каттамындагы жүргүнчү учак оболу Стамбул шаарына эмес, борбор шаар Анкарадагы эл аралык аба майданына чукул кондурулгандыгы кабарланды. Бул тууралуу түркиялык "Демирөрен" кабар агенттиги жана башка маалымат каражаттары билдиришти.

ЖМКнын маалымдашына караганда, "Түрк аба жолдору" компаниясына таандык Бишкек-Стамбул ТК-347 номурлуу каттамындагы учак Бишкек убактысы менен саат 16.15те Анкара шаарындагы Эсенбога аба майданына чукул конгон.

Буга учактагы жүргүнчүлөрдүн биринин ымыркайы жүрөгүнөн кармагандыгы (инфаркт болгону) себеп болгон. Ымыркайга учактын учкучунан тышкары жүргүнчүлөрдүн арасында болгон Түркиянын бийликтеги АК партиясынын депутаты Режеп Шекер (Dr. Recep Şeker) ыкчам жардам көрсөткөн.

Кесиби боюнча дарыгер Шекер ымыркайга дароо массаж жасаганын жергиликтүү журналисттерге айтып берген.

"Анкарага жарым сааттык убакыт калган. Менин дарыгер экенимди билген учкучтар дароо ымыркайды мага алып келишти. Карасам, ал көгөрүп, жүрөгү токтоп калыптыр. Дароо жүрөгүнө массаж жасадым. Бөбөк - эгиздердин бири экен. Ата-энеси түркчө же англисче билбейт экен. Учактын Анкарага чукул конушун талап кылдык. Учак конгондо "Тез жардам" кызматы келди. Ымыркайдын абалы туруктуу болчу", - деди Режеп Шекер.

Анкара аба майданында "Тез жардамга" алынган ымыркай бейтап борбор шаардын ооруканаларынын бирине жеткирилген. "Демирөрен" кабар агенттигинин маалыматына ылайык, учурда ымыркайдын абалы туруктуу. (ElB)

XS
SM
MD
LG