Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Сох окуясы үчүн айыпталган 22 адамга өкүм чыкты


Фергана облусунун соту
Фергана облусунун соту

Өзбекстандагы Фергана облустук соту былтыр майдагы Сох окуясы үчүн айыпталган 22 адамга өкүм чыгарды. Айыпталуучулардын экөө беш жылга эркинен ажыратылды. Ал эми дагы 13 адам эки жылдан беш жылга чейин шарттуу түрдө соттолду. Ошондой эле айыпталуучуларга Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын пайдасына 10 миллиондой сум (950 доллар) айып салынганы кабарланды. Буга чейин прокуратура тогуз адамды 10 жыл эки айга эркинен ажыратуу, дагы 13 адамды алты жылга шарттуу түрдө соттоону сураган.

Былтыр 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Чырдашкандарды тынчытуу үчүн Сохко барган Фергана облусунун ошол маалдагы акими Шухрат Ганиев жергиликтүүлөр менен жолугушуп жатканда пикир келишпестик жаралган. Аткаминердин орой мамилесине нааразы болгон анклавдагы айрым тургундар бийлик өкүлүн ташбараңга алууга аракет кылган.

Бул окуядан үч ай өткөн соң кылмыш иши козголуп, ондогон адамдар камакка алынган эле. Кыргызстандын аймагында анклав болуп жайгашкан Сох районунда 80 миңдей киши жашайт.

XS
SM
MD
LG