Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:43

Аэропорттун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуевдин тарапташтары аны бошотууну талап кылууда


Бишкек. Эмир Чукуевдин тарапташтарынын митинги. 2021-жыл. 18-март.
Бишкек. Эмир Чукуевдин тарапташтарынын митинги. 2021-жыл. 18-март.

Бишкектеги Ленин райондук сотунун имаратынын алдында “Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуевдин тарапташтарынын акциясы өтүп жатат.

Алар Чукуев таза иштегенин, негизсиз камалганын айтып, аны абактан бошотуп, эркиндикке чыгарууну талап кылышууда.

Анын жакындары абакта отурган Чукуевдин ден соолугу начарлап кеткендиктен, жок дегенде үй камагына чыгышы керек деген талап коюп жатышат.

Чукуев 9-февралда Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берген жана ошонун айынан мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда.

Ленин райондук сотунун 8-февралдагы чечими менен ал 6-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Эмир Чукуев “Манас” аэропортунун башкармалыгын 2015-жылдан 2018-жылга чейин жетектеген. (NT)

XS
SM
MD
LG