Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Акыркы эки айда 140 бизнесменге иш козголгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Март айында өкмөттүн токтому менен жоюлган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат ушул жылдын январь айында 100 жеке ишкерге, февраль айында дагы 40 бизнесменге кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынында билдирип, укук коргоо органдарынын бизнесмендерге жасаган мамилесин сынга алды.

Марипов ишкерлерди колдоо боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгын эскертти.

Улукбек Марипов февраль айынын этегинде ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен эки ирет жолугушуу өткөрүп, тармактагы көйгөйлөрдү талкуулаган. Ишкерлер бизнеске шарт түзүлбөй жатканына, ыксыз текшерүүлөр күч алганына нааразычылык билдиришкен болчу.

Бизнес-акыйкатчы институту ишкерлерди текшерүү 2020-жылы 3 эсе көбөйгөнүн билдирген. Мекемеге арызданып кайрылгандардын көпчүлүгү Мамлекеттик салык кызматына, жергиликтүү бийликке, Мамлекеттик мүлк фондуна жана башка мамлекеттик мекемелерге каршы даттанышкан.

29-январда президент Садыр Жапаров «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Анда ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу тууралуу айтылат.

Кыргыз өкмөтү 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жоюу тууралуу чечими кабыл алган. Өкмөт көмүскө экономиканын деңгээли ички дүң өнүмгө карата 24-43% жеткени аталган кызмат ишин жакшы аткарбай жатканына далил экенин, ал ишкерликке мыйзамсыз кийлигишип, жемкорлукка өзү да жол берип жатканын белгилеген.

Бирок андан бир канча күндөн кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Каржы полициясынын генерал-майору болгону, мындай жарлыкка президент кол койгону белгилүү болгон.

Жоюлган мекеменин башчысы Сыймык Жапыкеев өзү ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, инвесторлордун укугу корголгонун, аларды негизсиз текшерүү токтогонун, кызматка дайындоолор таза жана ачык, иш тажрыйбасына жараша жүргүзүлгөнүн билдирген. Ал өзү башкарган беш ай ичинде бюджетке 800 млн сом кайтарылганын айткан. (MiK)

XS
SM
MD
LG