Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02

Орусия "Твиттерден" "МБХ медиа" басылмасынын аккаунтун өчүрүүнү талап кылды


Орусиянын Роскомнадзор мекемеси «Твиттерден» "МБХ медиа" басылмасынын аккаунтун өчүрүүнү талап кылды. Бул тууралуу маалыматты социалдык тармак басылманын редакциясына жөнөткөн. Роскомнадзор өз чечимин "МБХ медианын” “Твиттердеги” баракчасында Орусияда “дурус эмес уюм” деп табылган “Ачык Орусия” уюму тууралуу маалыматтар жарыяланганы менен түшүндүргөн.

Басылманын башкы редактору Вероника Куцылло буга чейин мекеме бир да жолу эскертүү бербегенин билдирди. Редактордун айтымында, Роскомнадзор бийликти сындаган маалымат каражаттарын көзөмөлгө алуунун жаңы ыкмасын колдоно баштады. Тагыраагы, маалымат каражатына түздөн-түз эмес, интернет провайдерлер жана социалдык тармактар аркылуу басым көрсөтүүгө өтүшү мүмкүн.

"МБХ медиа" сайтын 2017-жылы бозгундагы мурдагы мунай магнаты Михаил Ходорковский негиздеген. Ал түзгөн "Ачык Орусия" кыймылы болсо "дурус эмес уюм" деп табылган.

Орусияда 2015-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, бир нече уюмдун ишмердиги "дурус эмес" деп табылган, алар менен кызматташкандар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Орусия 10-марттан тартып өз аймагында “Твиттер” социалдык тармагынын ылдамдыгын жайлата баштаган. Роскомнадзор муну менен “орус жарандарын жана интернет кызматын Орусия Федерациясынын аймагында мыйзамдарды аткартууну” көздөгөнүн билдирген.

16-мартта орус өкмөтүнүн өкүлдөрү “Твиттер” талаптарды бир айдын ичинде аткарбаса Орусиянын аймагында социалдык тармакка тыюу салынарын билдирген.

XS
SM
MD
LG